Жигердүү курам бөлүктөр
Инулин - өсүмдүк тектүү полисахарид, терини нымдайт жана жумшартат.
Салицил кычкылы — кератоликалык курам бөлүк, май бездеринин ичинде топтолгон клеткаларды кетирет.
Ниацинамид клетка ичиндеги зат алмашууга таасир этет, энергия тең салмактуулугуна оң таасир берип, теринин функциясына жана саламаттуу болушуна көмөктөшөт.
Аллантоин өлгөн клеткаларды бөлүнүп чыгышына көмөктөшөт, теринин калыбына келишине түрткү берет, тешикчелердин бүтөлүшүн алдын алат, нымдайт, жумшартат жана тынчтандырат.
3‑О‑этил аскорбин кычкылы — коллагендин бөлүнүп чыгышына өбөлгө түзөт жана терини агартат.
Папаин папайядан алынган табигый терең тазалоочу фермент. Теринин жаңылануусун ишке киргизет жана түлөп кетишине тоскоолдук кылат.
Натрий ниалуронаты (орточо молекулалуу) — теринин каптоочу сырткы катмарында нымдын көлөмүн көбөйтөт.
Эктоин терини нымдайт жана коргоочу тосмо катмарды калыбына келтирет.
Алоэ Вера ширеси нымдоочу жана фотокоргоочу касиетке ээ.