Жигердүү курам бөлүктөр
Dipeptide Diaminobutyroyl Benzylamide Diacetate (Жасалма пептид, жылан уусундагы пептиддин аналогу) бет булчуңдарынын чыңалуусун ботулотоксин сыяктуу жаздырат (инъекциясыз жана системалык таасирсиз). Жүздөгү бырыштардын тереңдигин азайтып, жаңыларынын пайда болушун алдын алат.
Copper Tripeptide-1 – сигналдык пептид. Коллагендин, эластиндин жана гликозаминогликандардын (мисалы, гиалурон кычкылынын) бөлүнүп чыгышына түрткү берет. Теринин калыбына келүүсүн жана жаңыртылышын тездик менен жакшыртат.
Acetyl Hexapeptide-3/8 – ботокско окшош натыйжага ээ пептид. Нерв импульстарынын булчуңдарга өтүүсүн бөгөттөп, алардын чыңалуусун жазат. Таасири: мимикалык бырыштардын көрүнүшүн азайтуу.
Алоэ вера – сезгенүүгө каршы таасир берет, кызарууну жана кыжырданууну жоёт, терини мыкты тынчтандырат. Нымдоочу жана фотокоргоочу касиеттерге ээ.
Жожоба майы терини натыйжалуу нымдап, жумшартат жана анын үстүнкү катмарында жарым өткөргүч коргоочу катмар түзөт.
Авокадо майы, курамындагы самынга айланып кетпеген курам бөлүктөр жана поликаныкпаган май кычкылдарынын аркасында эпидермистин структурасын калыбына келтирет. Теринин ным кармоо касиеттерин жакшыртат.
Д-пантенол теринин табигый ийкемдүүлүгүн жана жумшактыгын сактоого жардам берет, кургап жана түлөп кетүүдөн коргойт. Д‑пантенолдун аркасында ным теринин үстүңкү катмарында кармалып, кошумча нымдаштырып турат.
Табигый нымдоочу фактор (NMF) – төмөн молекулалуу гигроскоптук заттардын тобу. Бул кошулмалар кичинекей болгондуктан, каптоочу сырткы катмарына эркин кирип, анда топтолот. Бул молекулалардын кирсе, узак мөөнөттүү нымдоо таасирин берет.
Жүзүмдүн сыгындысы ресвератролго жана полифенолдорго бай күчтүү антиоксидант. Ультра көгүлтүр нурлануудан жана айлана-чөйрөнүн булганышынан жаралган эркин радикалдардан терини коргойт.
Арган майы – Е витамини, антиоксиданттар жана каныкпаган май кычкылдарынын булагы. Терини калыбына келтирет жана коргойт.
Бисаболол – ромашканын жигердүү курам бөлүгү. Күчтүү сезгенүүгө каршы, бактерияларга каршы иштейт жана тынчтандыруучу таасирге ээ.
3-o-Ethyl Ascorbic Acid – Туруктуу түрдөгү С витамини, ар тараптуу, күчтүү иштейт. Териге жеңил сиңип, аскорбин кычкылга айланат. Күчтүү антиоксидант катары иштеп, теринин өңүн тегиздейт жана коллагендин бөлүнүп чыгышына өбөлгө түзөт.
Гамамелис сыгындысы терини чымыр кылып, тынчтандырат, тешикчелерди кичирейтет жана терини ийкемдүү кылат.
Азиат центелла сыгындысы – коллагендин бөлүнүп чыгышын күчөтөт, терини жылмалайт жана ийкемдүүлүгүн жогорулатат. Антиоксиданттык касиетке ээ.